Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Канаттуулардын жалпы наамы. Үй куштары. Сайроочу куштар. Суу куштары. Жырткыч куштар. Алгыр куштар. Келгин куштар сайрап, гүлдүү чөптөрдүн атыр жыты буркурайт (Сасыкбаев). 2. Кекилик, чил, коён ж. б. илбээсиндерди алдыруу үчүн таптап салына турган жырткыч, алгыр канаттуунун ургаачысы (эркеги чүйлү деп аталат). Куш – ургаачы, чүйлү –эркек Бир уянын баласы (Каралаев). Мүнүшкөр болгон адамга Алгыр чыккан куш жакшы (Жантөшев).